Бишкек, 06.03.24./Кабар/. Бишкекте 7-марттан тартып «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тейлеген №12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жаңы каттам боюнча 12-автобус С. Каралаев жана И. Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат.
Белгилей кетсек, аталган каттамга күнүнө 20 автобус чыгат. Мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында өзгөрдү.
Бишкекте №12 автобустун схемасы жарым-жартылай өзгөрдү
06/03/24 19:25 Коом