Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Бишкекте 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн быйылкы жылытуу сезонун 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта баштоо боюнча токтомго кол койгон.
Объектилерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет.