Бишкекке жакын жайгашкан тоодон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бишкекке жакын жайгашкан тоодон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыккан. Өрт бүгүн саат 13:15те чектөөгө алынып, саат 15:15те толугу менен өчүрүлдү.

Жеринде ӨКМнин жалпы 85 куткаруучусу иш алып барып, кол шаймандары аркылуу өрттү өчүрүштү.

Өрттүн кесепетинен 300 гектар куураган чөп күйдү, кырсыктын келип чыгуу себеби учурда такталууда.