Бишкек ЖЭБине жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Республикадагы эң ири жылуулук электр борборуна жаңы жетекчи дайындалды, деп билдирет Бишкек ЖЭБдин маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, "Электр станциялары" ААКсынын башкы дирекциясынын чечими менен ЖЭБдин директору болуп Алпбек Садыров дайындалды.