Бишкек – Торугарт жолунда эки унаа кагышып, үч адам каза тапты

Кырсык

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кечээ, 22-июлда Бишкек – Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында Mitsubishi Pajero менен Honda Stepwgn унаалары кагышты.

“Кабар” агенттигине Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан үч адам каза тапты.

Жабыр тарткандар тууралуу маалымат такталууда.