Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти

Кадр саясаты

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда отставкага кеткенин билдирди.

Эскерте кетсек, мэр кызматтан кеткен учурда биринчи вице-мэр Нариман Түлеев автоматтык түрдө убактылуу мэрдин кызматын аркалайт. Буга чейин Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалганы айтылган.