Бишкектин чыгышында эки жаңы скважина бургулоо пландалууда

Коом

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкектин чыгышында эки жаңы скважина бургулоо пландалууда. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.

Скважиналар Валиханов жана 7-Апрель көчөлөрүндө орун алмакчы. Мындай чечим жай мезгилинде сугат суунун жетишсиздигин кыскартуу максатында каралууда.

Свердлов жана Октябрь райондук администрацияларынын жетекчилери бүгүн көчмө жыйын өткөрүп, жогору аталган маселени талкуулашты.