Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен адамдын абалы орто

Кырсык

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарында Ала-Арча суусуна түшүп кеткен адамдын абалы орто. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрь күнү саат 14:25те Бишкек шаарынын Ленин районундагы Рыскулов көчөсүндө Ала-Арча суусуна 29 жаштагы эркек киши кулап түшкөн.

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Абалы орто.