Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Эртең, 29-апрелде Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу эртең саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландаштырып алууну суранат.