• 87.45
  • 97.93
  • 1.09

Бишкек шаардык соту Исаковду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө аягына чыкканга чейин КР УКМКнын тергөө камак жайында калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 29-майында "Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу" коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

5-июнда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий