• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкек шаардык борбордук мечитинин айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Бишкек шаардык борбордук мечитинин айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мечиттин айланасындагы эски асфальт алынып, ордуна жаңысы төшөлүүдө.

Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов маалымдагандай, 2-3 күндүн ичинде мечиттин айланасына жаңы асфальт толугу менен төшөлүп бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий