Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда эки жеңил унаа кагылышып, бир аял каза болуп, дагы жети адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсык 22-майда болжол менен саат 16:30да унаа жолдун 308-чакырымында катталган.
Маалыматка ылайык, “Audi” жана “Subaru Forester” унаалары кагылышып, натыйжада 36 жаштагы аял окуя болгон жерден каза болгон.
Жети адам ар кандай жаракаттары менен Токтогулдагы ооруканага жеткирилген.