Бишкек, 29.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ, 28-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында оор жүк ташуучу унаа үч жеңил унаа менен кагылышкан. Кырсыктан бир өспүрүм каза болду,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен кечки саат 5тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында катталган. “Howo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып “Toyota Opa, Daewoo Nexia и Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү үч жеңил унаа менен кагылышкан.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 15 жаштагы жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок ал өзүнө келбей каза болгон. Кырсыктан дагы үч жүргүнчү жабыркаган.