Бишкек, 09.06.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 584-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 9-июнда болжол менен саат 04:30дар чамасында катталган.
““Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 2 адам каза болгон. Ал эми жаракат алган 1 адам ооруканага баратып, жолдо каза тапкан”,-деп айтылат маалыматта.
Каза болгон адамдар Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү болгон.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.