Бишкек, 14-июль /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда Чычкан суусуна авто унаа кулагандыгы боюнча маалыматты ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Авария Токтогул районундагы жолдун 270-чакырымында орун алган.
"Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, сууга түшүп кеткен. Унаада 6 жүргүнчү болгон. Эч ким жабыркаган жок. Жүргүнчүлөр өздөрү суудагы машинадан чыгышкан.
Куткаруучулар унааны суудан алып чыгышты.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан суусуна унаа кулап кетти
14/07/17 10:10 Кырсык