Бишкек – Ош унаа жолундагы Арал постуна чектөө киргизилди

Аймак

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 17:20дан тарта Токтогул районунун Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, №23 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылды. Жолдогу чектөө абал жакшырган учурда алынат.

Кошумча маалымат берилет.