Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда Бишкек-Ош унаа жолу толугу менен жабык. Унаа жолдун 246-чакырымына түшкөн кар көчкүнү тазалоого жалпы 7 техника тартылып иштеп жатат.
Учурда “Сосновка” постунда 120 оор жүк ташуучу, 20 жеңил унаа, “Арал” постунда 24 оор жүк ташуучу, 89 жеңил унаа, Талас районунун Талды-Булак айылында 11 оор жүк ташуучу, 7 жеңил унаа кезекте турат.
Андан тышкары, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымындагы “Өтмөк” ашуусуна бурулган жерде 110 оор жүк ташуучу унаа турат.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-мартында болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымына кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолу эки тараптан тең толугу менен каттам үчүн жабылган. Азырынча унаа жол качан ачыла тургандыгы жөнүндө маалымат жок.
Алдын ала маалымат боюнча кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.