Бишкек – Ош унаа жолунда таш кулап, унаа кыймылына чектөө киргизилди

Аймак

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунда таш кулап, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 17:40 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 410-чакырымында жолго чоң таштар кулап, жолду жаап калгандыгына байланыштуу жолдун Кара-Көл шаарындагы Туннел постунан тартып, Таш-Көмүр шаарчасына чейинки аралыгында (447-495-чакырымдар) унаалар убактылуу токтоп турат.

Азыркы учурда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жолдор ачылганда кошумча маалымат берилет.