Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ жолдон чыгып, айдоочу каза тапты

Кырсык

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Бишкек-Ош жолунда шагыл жүктөлгөн КамАЗ жолдон чыгып кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кырсык кечээ, Бишкек-Ош унаа жолунун 576-чакырымында Сузак районуна караштуу Барпы айылына жакын жерде болгон. Айдоочу унааны башкара албай, ал жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсык болгон жерге келген милиция кызматкерлери айдоочунун сөөгүн жакындарына өткөрүп беришти.