Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам жанданды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Ал эми буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Пикир
Оставить комментарий