Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Бишкек — Ош трассасында күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, унаа жолдун 209-чакырымында оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшүп, натыйжада күйүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болгон. Жерине беш куткаруучу тартылып, айдоочунун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.