Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Бишкек-Ош автожолунда эки унаа кагышып, жүргүнчүлөр жаракат алды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош трассасынын 258-чакырымында Toyota Sequoia жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Кырсыктан 43 жана 20 жаштагы эки аял жабыркаган.
Жерине барган куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.