Бишкек мэринин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлдү

Кадр саясаты

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Бишкек мэринин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды», - деп айтылат маалыматта.

Аталган чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды.