Бишкек, 30.11.17. /Кабар/. Бишкектин Октябрь райондук администрациясы жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Гребенщиковдордун үй-бүлөсүн бриллиант тою менен куттуктады.
Райондук администрация Гребенщиковдорго ден соолук, ийгилик, үй-бүлөлүк ынтымак, бардык жакшылыктарды каалашканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Павел Михайлович жана Раиса Прокофьевна Гребенщиковдор эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда беш небересин жана үч чебересин тарбиялап жатышат.