Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардыктарды ар кайсы жерге таштанды таштабоого чакырат. Муниципалитет таштанды таштоого жол бербөө боюнча түшүндүрмө иштерин улантууда.
Күн сайын Санитардык-экологиялык инспекциянын инспекторлору шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жакшылоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүүдө.
Шаарды кыдырууда Тыныстанов көчөсүнүн №4 үйүнүн аймагында курулуш таштандысы чогулуп калганы аныкталган.
Инспекторлор турак үйдүн жашоочулары арасында курулуш таштандысын ташуу, белгиленбеген жерде таштанды топтоого жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.
Учурда бул бузуулар четтетилди.