Бишкек, 14.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын көчөт отургузууга чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш чара 16-сентябрда саат 10:00 тарта Токомбаев көчөсүндөгү 12-кичирайондон Шабдан баатыр көчөсүнө чейин дарактар отургузулмакчы.
Иш чаранын алкагында 600 дарак жана 300 бадал отургузулат.
Калаанын көрктөндүрүү ишине катышууну каалаган шаар тургундарына “Жашылдандыруу” ишканасы керектүү шаймандарды берет.