Бишкек мэриясы: 1850 жана 1840 колл-борбору убактылуу иштебейт

Коом

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Сервердик жабдууларды профилактикалык тейлөөгө жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого байланыштуу 5-марттан баштап саат 17:00дөн 6-мартка чейин колл-борбордун 1850 жана 1840 кыска номурлары иштебейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, арыздар жана кайрылуулар 0312591802, Whatsapp 0554182185 номери аркылуу кабыл алынат.