Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында газ жок болот. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.
Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде токтотулат;
- 14-сентябрда Токмок шаарынын Больничная 44, 49, 51, 53; Набережная 104, 217, 221, 227, 241, 279; Ленин 282; Верхне-Луговая 303, 307, 309, 310, 313, 319, 327 дарегинде;
- 17-18-сентябрда Бишкек шаарынын Жибек-Жолу, Усенбаев, Мичурин, Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;Түштүк-Батыш район;
- 18-сентябрда саат Люксембург айылынын Киргизская, Тельман, Западная, Ваккер, Центральная, Советская, Гагарин, Токмакская, Мира, Забайкальская көчөлөрүндө.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.