Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бишкек–Чалдовар жолунда жарыктын жоктугунан унаа адамды өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 24-майда болжол менен саат 00:25тер чамасында Бишкек–Чалдовар унаа жолунун 28-чакырымында 26 жаштагы А.Г., өздүк “БМВ-524” үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун жарыктандыруучу жарыктардын күйбөгөндүгүнөн жолдо өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Натыйжада жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.