Айдоочулардын эсине! Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-231-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.