Бир күндө пневмонияны эсепке алганда COVID-19дан 83 бейтап кайтыш болду

COVID - 19

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда COVID-19 илдетинен 83 адам кайтыш болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы катталган учурлардын ичинен:

▪Бишкек – 33
▪Чүй облусу – 7
▪Ош облусу – 9
▪Талас облусу – 2
▪Нарын облусу – 3
▪Ысык-Көл облусу – 17
▪Жалал-Абад облусу – 11
▪Баткен облусу – 1

Жалпы каза болгондордун саны 785 адамды түзөт.

Эске сала кетсек, COVID-19 боюнча каттоо статистиканын өзгөрүшүнө ылайык, эки код киргизилди:

- U07.1 – лаборатордук негизде тастыкталган COVID-19 (ПЧР+);
- U07.2 – клиника-эпидемиологиялык COVID-19 (ооруканадан тышкаркы пневмония).

Ошентип, Кыргызстанда коронавирус менен пневмония чогуу эсептелип баштады, жалпы COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 23 783кө жетти.