Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бир күндө коронавируска каршы 100 киши эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, күн мурун, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив эмделди.
Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөөлөр ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.