Билим берүү министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө

COVID - 19

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатышат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды.

Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделди.