Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи, окуу жайдын “Окуу-өндүрүштүк комплекси” менен таанышты. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ОшМУнун “Окуу-өндүрүштүк комплекси” 2022-жылдын 3-ноябрында колдонууга берилген. Окуу-өндүрүштүк комплекс 2018-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ачылган.
Учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжи жалпы 30дан ашуун ишкана менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Андан сырткары, Өзгөн, Кара-Суу, Араван районундагы айыл өкмөттөрү менен меморандум түзүлгөн, программалоо адистигинде билим алган студенттер аймактардын санариптештирүү иштеринин алдыга жылышына колдоо көрсөтүүдө. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.