Билим берүү министри иш сапары менен Ысык-Көлдө жүрөт

Аймак

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки күндөн бери Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарын Балыкчы шаарынан баштап, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда улантып, Каракол шаарына келди. Иш сапардын алкагында ал окуу процесси реалдуу режимде жанданган мектептерге барып, окуучулардын сабактарына катышты.

Бейшеналиев тиешелүү адистер менен авариялык абалдагы мектептерди талкуулады.