• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.22./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Алмазбек Бейшеналиев 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Белгилей кетсек, Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 28-сентябрда кармалган.

Пикир

Оставить комментарий