Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында жубайларга ок чыгарып, 310 миң долларын алып кеткен кылмышкерлер аныкталды, бирок азырынча кармала элек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр Чүй облусунун тургундары: 44 жаштагы Муктарбек Смаилов жана 38 жаштагы Бекназар Мамытов.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдү колго түшүрүү аракеттери көрүлүп жатат. Учурда бул иш менен ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы алектенүүдө.
Эске салсак, 2019-жылдын 6-мартында Чүй облусунда белгисиз бирөөлөр жубайларга ок чыгарып, дээрлик 310 миң доллар алып кетишкен.
Унаанын ичинде 57 жаштагы С.Б., аттуу айдоочу жана 53 жаштагы С.М., аттуу жубайы болгон.