Бериле элек 7 байге калды – Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн байланышка чыгууну суранат

Экономика

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин өткөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшыруу процессин аяктады.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө 1 миң 132 жеңүүчүнүн ичинен 1 миң 125 адам өз байгелерин алышты. Бирок, телефондору өчүк болгондуктан 7 жеңүүчү жеткиликсиз бойдон калууда.

Байгелерин алыша элек жеңүүчүлөр:

iPhone 14:

  • Карим Юнусов;
  • Руслан Мурсабеков.

Смартфон:

  • Алик Шамшидинов;
  • Эрнис Ибраев;
  • Жамиля Сагынбекова;
  • Динара Рысбекова;
  • Нурдин Наралиев.

Салык кызматы аталган жеңүүчүлөрдү байгелерин алуу үчүн лотереянын уюштуруучулары менен төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат: (0500) 48-79-62, (0990) 09-20-42, (0221) 80-44-86

Эгерде, жеңүүчүлөр 12-декабрга чейин байланышпаса, лотереянын шарттарына ылайык, талап кылынбаган байгелер кийинки утуштун байге фондуна өтөт.

Эскерте кетсек, кийинки утуштар 25-30-декабрда өтөт, анда 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" тиркемесин жүктөп, товарларды же кызматтарды сатып алуудан алган кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.