Базар-Коргондогу Кайырма суу сактагычынан аялдын сөөгү табылды

Кырсык

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда суу сактагычтан адамдын сөөгү табылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычында белгисиз адамдын сөөгү калкып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине №78 ӨК-КБнөн 3 куткаруучу барып, көлмөдөн чыгарган маалда ал аял киши экени белгилүү болгон

Маркумдун өздүгүн тактоо жана андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн анын сөөгү райондук укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.