Базар-Коргондогу токой чарбада 100дөн ашуун дарак мыйзамсыз кыйылган

Укук тартиби

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Базар-Коргондо токой чарбасында 100дөн ашуун дарак мыйзамсыз кыйылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы “Ачи” токой чарбасынын аймагындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө бак-дарактарды массалык түрдө кыюу фактылары аныкталган. Токой чарбасынын администрациясы тарабынан бак-дарак аянттарын массалык түрдө жок кылуусуна жол берилип, шалаакылыктын кесепетинен ар кандай диаметрдеги 112 дарак мыйзамсыз кыйылган.

Ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок кыйылган жети дарак менен "ГАЗ-53" үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык фактылар боюнча жеринде актылар түзүлүп, унаа сактоо үчүн токой чарбасына өткөрүп берилди.

Топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо жана көзөмөл органдарына жөнөтүлдү.