Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте 2018-жылдын 11-апрелинде, райондук борбордук базарында “Калктын массалык чогулган жайдагы өрт кырсыгын жоюу” аттуу темада капысынан өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Машыгуу облусттук жетекчиликтин, райондук ЖК кызматтарынын жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрулдү.
Белгиленгендей, машыгууга тартылган Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 78 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн 1 өрт өчүрүүчү автоунаасы машыгуу болгон жерге ыкчам жетип келип, өрттү өчүрүү тактикасын көрсөтүштү.
Машыгуунун жүрүшүндө соода кылган жарандарга өрт коопсуздук эрежелери боюнча лекция окулуп, өрткө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.