Баткенге жардам. Атайын эсепке дээрлик 312 млн сом түштү

Аймак

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 311 млн 927 миң 920, 67 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.