Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен районунун Интернационал айылында жайгашкан Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр борбордун жамааты менен жолугушуп, оорукананын абалы менен таанышты. Ошондой эле министр "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Бейшеналиев белгилегендей, мамлекеттик дарыкананын ачылышы алыскы райондордун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуудагы маанилүү кадам, анда сапаттуу дары-дармектер жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгү негизги маселелердин бири.
"Баткен облусу өлкөбүздүн эң алыскы аймактарынын бири катары өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Биз мындай аймактардын жашоочуларына сапаттуу медициналык кызматтарды жана дары-дармектерди алуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулабыз. Биз саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын чыңдоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу алыскы аймактарды колдоону улантабыз”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий