• 87.38
  • 101.75
  • 1.08

Баткенде жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Баткенде бүгүн саат 13:34тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Чечек айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий