Баткенде сууга чөккөн баланы издөө иштери уланууда

Кырсык

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Баткенде сууга чөккөн баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-майда Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен жүрүп, 13 жаштагы М.Д. жана 17 жаштагы М.А. сууга чөгүп кеткен.

Жерине 16 куткаруучу тартылып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп, 15-майда саат 08:35те 17 жаштагы М.Д. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылып, жакындарына өткөрүп берилген.

Ал эми 13 жаштагы М.А. аттуу баланы издөө иштери бүгүн да улантылып, жалпы 82 жаран тартылды.

Кошумча маалымат берилет.