• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Баткенде шахтада уранды астында калган жаран куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Баткенде шахтада калган жаран куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 16-январда Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу уранды астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жалпы 13 куткаруучу тартылды.

Куткаруучулардын ыкчам аракети менен кен казуучу аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди.

Абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий