• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Баткенде санитардык нормаларды сактабаган 173 ишканага 209 миң сомдук айып салынган

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Баткенде санитардык нормаларды сактабаган 173 ишканага 209 миң сомдук айыппул салынган. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

"Бүгүнкү күнгө чейин санитардык-эпидемиолоиялык көзөмөл борборунун адистери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 3 миң 100 ишкананы текшерген. Санитардык нормаларды сактабаган 704 ишкананын ээлерине эскертүү берилип, 173 ишканага 209 миң сомдук айыппул салынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий