Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Баткенде милициянын көчмө кабылдамасы дарыгерлер менен чогуу иш алып барууда, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасында милициянын участкалык уполномоченныйлары жергиликтүү медицина кызматкерлери менен биргеликте Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш, Орто-Боз, Таш-Тумшук айылдарында жашаган жергиликтүү тургундарга каронавирус илдетин алдын алууга, санитардык эрежелердин нормаларын сактоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындан сырткары, жаш өспүрүмдөрдү ата-энелер көзөмөл кылып, жол кырсыктарын, сууга чөгүү фактыларын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүдө.
Айыл ичиндеги кооптуу болгон көлмөлөргө, арык бойлоруна Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү тарабынан чыгарылган эскертүү кагаздары чапталып, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө.
Облустук милициядан кошумчалашкандай, жыл башынан бери бул аталган аймакта жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысы катталган эмес.