Баткенде "Мен жана менин коопсуздугум" аталышында өрт тактикалык машыгуу өттү

Аймак

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Баткенде "Мен жана менин коопсуздугум" аталышында өрт тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тактикалык машыгуу Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков атындагы орто мектебинде өткөрүлдү.

"Буга чейин ӨКМдин Баткен райондук жана Баткен шаардык ӨККБнүн куткаруучулары тарабынан өзгөчө кырдаалдар жана өрт чыккан учурда жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү машыгуу учурунда окуучулар дал ошол билимин толуктап, практика жүзүндө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, машыгуунун алгачкы бөлүгүндө окуучулар мугалимдердин жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Ал эми куткаруучулар жардамга муктаж окуучуларды алып чыгып, медицина кызматкерлери тарабынан алгачкы жардам көрсөтүлдү.