Баткенде көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 6 адам куткарылды

Кырсык

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Баткенде көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 6 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:11де Кызыл-Кыя шаарынын А.Асаналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм атайын өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 17:47де толугу менен өчүрүлгөн.

Үчүнчү кабаттагы батирден чыккан өрт учурунда үй ээлери сыртка чыгууга жетишип, бирок коридор аркылуу тараган түтүндөн чыга албай калган төртүнчү кабаттын жашоочулары, тактап айтканда 2 аял жана 4 баласы куткаруучулар тарабынан куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Куткарылган жарандардын абалы жакшы.

Ал эми өрттүн жалпы аянты 24 чарчы метрди түзүп, учурда тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда.